Петиция

МЫ, ГРАЖДАНЕ КЫРГЫЗСТАНА, ВЫСТУПАЕМ ПРОТИВ ПРЕДЛОЖЕННОГО ПРОЕКТА КОНСТИТУЦИИ И ПОСПЕШНОГО РЕФЕРЕНДУМА.

supervisor_account 5183
Кайрылуу / Обращение

Жусупова Сеилкан

г.Нарын

Мен реферндумга каршымын,себеби элди алдоо жолу менен эч талкусуз президенттик шайлоого жамынып алып өткөрө калалы дегени бул көз боёмочулук деп эсептеймин.Бул биринчиден.Экинчиден автору жок,80 депутаттын атын жаза калып ар кандай алдамчылык жол менен ар бирине кол койдуруп алып аларды подстава кылганы, депутаттардын кай бири колун чакыртып алуу жөнүндө жазып чыгышты.Учүнчүдөн эбегейсиз супер президенттин укуктары көбөйтүп, бир колго бийликти топтоп бийликке жутунганы,убудаларын аткарбаганы,калпты көп айтат экен.Бул адам эч качан убадасына турбайт.Деңгээли төмөн, «жүзү каралардын эми бетин ачам» деп маданиятуу эл башкарган адам эч качан сүйлөбөт.Урматтуу аксакалдар, сиздер башка жаштардын мууну келгенин аңдай албай жатасыздар. Жаштардын Ой жүгүртүүсү башка жашоо бир оорунда турбайт,өзгөрөт.Утур бир муунду экинчи муун алмашып турат,аны менен бирге көз караштар да алмашып турат.Ар бир доордун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар,бирок астыга жылыш керек да. Силер таңуулаган конституция азыркы учурдун талабы эмес,Канчалык таңуулаган сайын отвержение болот.Ал үчүн өзүбүз улуу муундардын адамдары калп айтып бийликтин камчысын чапайлы.Жаштарга анан кантип адеп-ахлак жөнүндө акыл айта аласыңар.Өзүңөр законду бузуп жатсаңар. Жаштардын күчүн колдонуп алып мындай тургула биз эски доорго барыбыз дегениңерди туура көрбөйбүз.Элдин атынан эл каалап жатат деп айтпагылачы.Каалабай эле турабыз.Элге жамынбагыла.Сураныч.

Бөлүшүңүздөр / Поделиться