Петиция

МЫ, ГРАЖДАНЕ КЫРГЫЗСТАНА, ВЫСТУПАЕМ ПРОТИВ ПРЕДЛОЖЕННОГО ПРОЕКТА КОНСТИТУЦИИ И ПОСПЕШНОГО РЕФЕРЕНДУМА.

supervisor_account 5183
Кайрылуу / Обращение

Жакшылык Матанов

Бишкек

Жаңы ханституциянар менен куттуктайм!
Садыр мырза эсиң барда этегиңи жап!!!

Мени бүт өлкө колдоп жатат десеңиз жаңылышасыз, тынчтык үчүн унчукпай отургандар сени колдогондордон дагы көп, эгер ушул менен кете берсеңиз, унчукпай отургандар кыймылдаса акыры жаман бүтөт.

Бүгүн сизди чуңкурга түрткөндөр, эртең бийликтен кеткеңизде Акаевти,Бакиевти, Атамбаевти, Жээнбековту саткандай 1 күндө сизди сатып, жаңы келген бийликтин обонуна салып ырдап, аркаңыздан шыбап кала беришет. Ошондуктан тарыхтан сабак алып, этияттап иш кылыңыз!

Мен Матанов Жакшылык Жетимишбекович азыркы ХАНСТИТУЦИЯҢЫЗды тааныбайм жана парламентаризмди жок кылууга каршымын!

«Орок оро албаган, орокту күнөөлөйт» болбогулачы! Биз бүгүнкү күнгө чейин парламенттик өлкө дегенибиз менен «Супер Президенттик» башкарууда келдик, акылыңыз болсо ошону жоюп, толук парламенттик өлкөнү курам дешиңиз керек болчу!

Курултайыңарды айылыңарда кылгыла, өлкө бул баарыбыздыкы, силер каалагандай боло бербейт!
ПСЫ: Мен Атамбаевтин , Жээнбековтукун дагы каталарын ачык айтып келгем, бүгүн Садырдыкын дагы айтам. Азыр тетири пикир жазгандар, мен жөнүндө толук маалымат топтоп анан боктогула, калп эле урдуруп жатып уят болуп каласыңар!

Силердей адамдар ар бир бийликтикин жалап жүрүп, өлкөнү ушундай туңгуюка алып келдиңер!
Ал эми чын жүрөктөн, ак ниеттен Садыр мырзаны колдоп жүргөндөр, көөдөндөгү көз айнекти чечкиле, себеби бул конституцияны демилгелегендер жана бүгүн маселе чечип жаткандар чыныгы Мекенчилдер эмес, Мекеним Кыргызстанчылар (Матраимчилер) , Кыргызстанчылар, Биримдикчилер, ишенбесеңер төмөндөгү тизмени карагыла!
(Иии айткандай, кызмат алып тыпыйып отуруп калгандар, эгер ушул ХАНСТИТУЦИЯны колдоп же унчукпай өткөрүп жиберем десеңер, силер дагы демек эптеп кызматка жетүүнү көздөгөн бир байкушсуңар!)
📷 Инициаторы: депутаты Жогорку Кенеша Ш.Ш.Абдыкеримов, А.Т.Абжалиев, Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков, Алтынбеков Айбек, О.А.Алыбаев, А.А.Арапбаев, Н.И.Арзыбаев, С.Анарбаев, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, Ө.М.Бакиров, А.Бердиев, А.К.Бешимбаева, К.С.Бокоев, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, К.У.Жапаров, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, Жунус уулу Адыл, А.Т.Жутанов, С.К.Ибраев, Т.И.Икрамов, С.Исманов, Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.Карыбеков, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, К.К.Керезбеков, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова,
Марлен Маматалиев, А.М.Маматов, И.А.Маннанов, Г.С.Молдобекова, С.Молдалиев, Мусабекова Жылдыз , Б.Нурдинов, И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов, А.Ш.Осмонова,
Улан Примов Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.О.Самаев, Г.Самат, У.Садиков, Б.Ж.Субанбеков , А.М.Султанов, Б.К.Сыдыгалиев, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Ч.Урумкалиева, Э.С.Тагаев, Т.Г.Тиллаев, Э.Т.Токтошев,
Бакыт Торобаев / Bakyt Torobaev
, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, О.Турдумамбетов, А.А.Турсунбаев, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, З.Эсеналиев, М.Б.Эгембердиев, А.Л.Юсуров
#Садыр_эсиңе_кел

Бөлүшүңүздөр / Поделиться