Петиция

МЫ, ГРАЖДАНЕ КЫРГЫЗСТАНА, ВЫСТУПАЕМ ПРОТИВ ПРЕДЛОЖЕННОГО ПРОЕКТА КОНСТИТУЦИИ И ПОСПЕШНОГО РЕФЕРЕНДУМА.

supervisor_account 5183
Кайрылуу / Обращение

Бубина Чолпонкулова

Дортмунд, Германия

5- октябрда абдан сүйүнгөм! Кыргызстандын жаштары, акылдуу, билимдүү, мекенчил, кайдыгер эмес (!), эртеңин ойлогон, Кыргызстандын келечеги үчүн күйгөн, аракет кылган жаштары барына сүйүнгөм!
Коркутуп-үркүтпөй, сөгүнуп-сагынбай, бирөөнүн артынан ээрчибей, биригип, тынчтык митингин кылып көчөгө чыккан жаштар үчүн ушунчалык сыймыктангам!

Кайра эле! Кайра эле ар бир жерден пайда издеген, өз кызыкчылыгынын кулу, бүгункү курсак тойгонуна куштар, бийликти гана каалаган күчтөр колдонуп кетишти ал митингти!
Бир айда көп нерсе болуп кетти! Бүгүнкү күндө, тилекке каршы бир мыйзамсыздыктын артынан, экинчи мыйзамсыздык келатат!

Кыргызым! Бир тууганым! Жададык! Ушундай керемет жери бар туруп, дүйнө жүзүндө тентип жүргөндөн жададык! Көрүнгөн жерде туалет жууп, кагуу-силкүү менен жашаган, бөлөк жерден өлүп келаткан көрүнүштөрдөн жададык!
Акылдуу, билимдүү жаштары бар туруп, кедей жашаган жашоодон жададык!

Мыйзамды уруп ойнобогон, беш-он жүздүү акмактардан жададык. Ойлонгусу келбеген, башы бош эл өкулдөрүнөн жададык!

Биз С.Жапаровко, Ө. Текебаевке, же дагы бирөөсүнө эмес, кимиси мыйзамды бузуп, сыйлабай, диктатурага сүйрөп баратса, ошого каршыбыз!!! Биз Кыргызстанда МЫЙЗАМ сүйлөгөнүн, мыйзамды түшүнгөн, аны сыйлаган, анын иштешин көзөмөл кылган киши келгенин каалайбыз! Биз билимдүү, өнүккөн, эркин Кыргызстан болуусун каалайбыз!
Биз эртең, бийликтен коркуп, бир кишиге беш ийилип, колун өөп, коркуп жашагыбыз келбейт, кыргыз эркин эл болгон, мыйзамдуу эркин өлкөнү каалайбыз!!!

Биз мыйзамсыз өзгөрүүлөргө, өзүм билемдик кадамдарга, мыйзамсыз отурган чимкириктерге каршыбыз! Кечээ эле чиикириктер деп, бүгүн алардын ханституциясына «лям» дебей отуруп беребизби?!! Ойгон кыргыз! Ойлон кыргыз!!! Баары мыйзамдуу болсун!!! «Билеги күчтүү миңди жыккан, билими күчтүү бирди жыккан» ашмолтой өлкөгө айланбайлы!!

5- октябрда абдан сүйүнгөм! Кыргызстандын жаштары, акылдуу, билимдүү, мекенчил, кайдыгер эмес (!), эртеңин ойлогон,…

Опубликовано Bubina Cholponkulova Суббота, 21 ноября 2020 г.

Бөлүшүңүздөр / Поделиться